Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Бийликти басып алууга айыпталган Азамат Мусакеев үй камагына чыкты


Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

Былтыр 26-ноябрда бийликти басып алууга шек саналып кармалган Азамат Мусакеевди Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Бактыбек Жумашов билдирди.

Өткөн жылы парламенттик шайлоонун астында атайын кызмат бийликти басып алууга айыптап 15тен ашык кишини кармаган. Расмий маалыматка караганда, күч түзүмдөрүнө парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат түшкөн.

Алардын арасында "Эл ынтымагы" жана "Чүй ынтымагы" коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү деп эсептелген Азамат Мусакеев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакытбек Жетигеновдор болгон.

Адвокат Бактыбек Жумашов 26-ноябрда бийликти басып алууга шек саналып кармалгандардын ичинен Азамат Мусакеев акыркы болуп абактан чыкканын айтты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн. (МТа)

XS
SM
MD
LG