Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:05

Бөлтүрүккө жаңы кеңсеге макулдашпай көчкөнү үчүн эскертүү берилди


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башка кеңсеге көчүшүнө байланыштуу Фейсбук баракчасына комментарий жазды.

Анын жазганына караганда, холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк “Учкундан” башка кеңсеге көчөрдө Министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Ал көчүү себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөнүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.

"Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Тенгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган. Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет", - деди Султанбаев.

Анын айтымында, холдингге жаңы кеңсе курууга Бишкектин түштүк тарабынан жер берилди. Жаңы кеңсе бир жыл ичинде курулуп бүтөрү белгиленген.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы мамлекетке караштуу "Учкун" ишканасынан чыгып, шаардын чок ортосундагы кымбат баалуу жеке менчик кеңсеге көчкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев ("Ата-Журт Кыргызстан") 16-июнда парламент отурумунда Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын сындаган. Депутат Бишкектин чок ортосунан 5000 чарчы метр кеңсени ижарага алуу жалпы жонунан 120 миң долларга айланарын айтып, холдингдин төрагасы Тенгиз Бөлтүрүктү айыптаган.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова холдингдин жаңы кеңсеге көчүшү негиздүү экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG