Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

ИИМ Орусияда 1800дөн ашуун кыргызстандык абакта экенин билдирди


Орусиядагы абак жайлардын бири. Архивдик сүрөт.
Орусиядагы абак жайлардын бири. Архивдик сүрөт.

Орусияда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында маалымат берип жатып Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын көбү "уурулук" беренеси менен камалган. Арасында "киши өлтүрүү", "баңгизат ташуу" беренелери менен абакка түшкөндөр бар.

"Өтө оор кылмыштар менен 859, экономикалык кылмыштар менен 109, баңгизатка байланыштуу 327 адам абакта отурат", - деди Абдиев.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстан өткөн жылы Орусия менен Казакстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 66 кыргызстандыкты өлкөгө которгон.

Мыйзам боюнча чет өлкөдө сот чечими чыккандарды Кыргызстанга экстрадиция кылуу иштери менен Башкы прокуратура алектенет.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштеп жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG