Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Депутат Исатбек кызы мектепти сындаган бүтүрүүчү коркутууга кабылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Социалдык саясат комитетинин 20-июндагы жыйынында "Ынтымак" фракциясынан депутат Аида Исатбек кызы Сузактагы мектептердин биринде окутуунун сапатын сындаган, бирок көп өтпөй эле кечирим сураган бүтүрүүчү тууралуу маселе көтөрдү. Депутат билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага суроо берип жатып, ал бала коркутууга кабылганын айтты.

"Ал баланы чынында аябай катуу коркутуп коюшуптур. Биз ага телефон чалсак "мен байланышпай эле коеюнчу, мага катуу басым жасап жатышат" деп айтты. Бугал мугалимдер эле эмес жергиликтүү бийликтин дагы тиешеси бар экен. Эгер ал "пранк" деп айтса деле чындыктын үлүшү бар да. Биз ал баланы коркутпай, тескерсинче колдоо көрсөтсөк жакшы болмок", -деди депутат.

Надира Жусупбекова бүтүрүүчү сындаган мектепке байланыштуу териштирүү жүрүп жатканын, анда айтылгандар такталарын айтты жана бүтүрүүчүгө басым жасалбаганын билдирди.

Өткөн аптада Жалал-Абаддагы Сузак районуна караштуу Благовещенка айылындагы Гайдар атындагы орто мектепте "Акыркы коңгуроо" салтанатында бүтүрүүчүлөрдүн бири билим берүүнүн сапатын, айрым мугалимдердин кылык-жоругун сындап сөз сүйлөгөн. Мындан көп өтпөй эле бул окуучу кечирим сурап, айткандарын "пранкка (тамашага)" чыгарган. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG