33 жаштагы Арфия Эри уйгур элинин тарыхында биринчи жолу Жапониянын парламентинин жогорку палатасы – Сенатка ат салышууда. Жети тилде сүйлөгөн, Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы кызматкери Жапонияда, Кытайда жана АКШда билим алган.
Жапониянын башкаруучу Либерал -демократтар партиясынын тизмеси менен бараткан талапкер “саясат тууралуу көз карашыман көрө эл менин түпкү тегиме көп кызыгат” дейт.
Эринин шайлоо өнөктүгү “жапон жаранымын” деген сыймыкка басым жасап, жапониялык үй-бүлөлүү аялдарга багытталган. Уйгур талапкер бул өлкөдө өзү сыяктуу “аты-жөнү жапондукуна окшобогон” саясатчылар арбып баратканын белгилейт.
Күн чыгыш өлкөсүндө бийликтин шайланма органдарында жапондор басымдуулук кылат.
10-июлга белгиленген жапон парламентинин жогорку палатасындагы 248 мандат үчүн 500дөн ашуун талапкер ат салышууда.
Уйгурлар – негизинен Борбродук жана Чыгыш Азияда отурукташкан түрк тилдүү калк.
2017-жылдан бери Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз баштаган ж.б. мусулмандар кытай бийлигинин кысымына кабылып жатканы кабарланып келет. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде 2 миллиондой уйгур, казак жана түпкүлүктүү элдин башка өкүлдөрү отурат.