Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Украина Орусиянын буксир кемесин жок кылганын маалымдады


Орусиянын буксир кемелеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын буксир кемелеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү соңку кармаштарда Орусиянын кеме сүйрөөчү "Василий Бех" буксирин жок кылганын маалымдады. Киев билдиргендей, буксир Змеиный аралындагы аскерлерге курал-жарак жеткирип турган.

Буксирде өлгөндөр жана жарадар болгондор тууралуу айтылган жок. Баштапкы маалыматтарга ылайык, экипаждын 70 пайыздайы жабыр тартты.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары буксирдин бортунда Harpoon ракеталык чабуулдарын тосо алчу "Тор" зениттик-ракеталык комплекси болгонун жазып жатышат. Социалдык түйүндөрдө буксирге эки жолу ракета тийди деген учурдун видеосун жарыялап жатышат.

Украина мурдараак орусиялык аскерлер Змеиный аралына Одессанын түштүк райондоруна чейин жете турган зениттик-ракеталык комплекстерди жана жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды жайгаштырганын маалымдаган.

Орус тарап кеменин жок кылынганын комментарийлей элек. Маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо согуштук кырдаалдарда мүмкүн эмес.

Орусиянын Кара деңиз флотунун сайтында "Василий Бех" буксирдик кемесинин экипажы 26 адамдан турары жазылган. Буксир флотко 2017-жылы кошулган.

Кара деңиздеги Змеиный аралы Украинага караштуу. Аны Киев Орусия украин жергесине басып кирген алгачкы күндөрү тарттырып жиберген. Расмий Киев андагы чек арачылар аралды коргоп жатып курман болгонун маалымдаса, Москва аларды туткунга алганын айткан. Аралды учурда Орусиянын күчтөрү ээлеп турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG