Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Орус күчтөрү Северодонецк шаарын курчоого киришти


Украинанын Луганск облусундагы Северодонецк шаары (кызыл чекит турган жер). Украинанын картасы. Google Maps сервисинен алынган скриншот.
Украинанын Луганск облусундагы Северодонецк шаары (кызыл чекит турган жер). Украинанын картасы. Google Maps сервисинен алынган скриншот.

Орусиянын куралдуу күчтөрү менен Украинанын аскерлеринин Северодонецк шаарындагы айыгышкан кармашы уланууда. Мындагы “Азот” заводунда жана ага жакын турган жерлерде калган украиндер баскынчыларга дале каршылык көрсөтүп жатат.

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматы 17-июндагы бюллетенинде маалымдагандай, соңку суткада орус күчтөрү бул шаардын жакасындагы Попасная айылын алууга аракет кылышты. Британ чалгынчылары муну менен орус армиясы Северодонецк шаарын курчоого алып, анда калган украин аскерлерди Киев менен байланышын үзүүнү көздөп жатканын билдирүүдө.

Мурдараак орус тарап “Азот” заводунда калган украин аскерлерин жана андагы жайкын тургундарды багынып берүүсүн буйруган. Жоокерлер баш ийүүдөн баш тартып, жарандарды эвакуациялоо иштери үзгүлтүккө учураган.

Британ чалгын кызматы буга чейин “Азот” заводунун жертөлөсүндөгү бункерлерде украин аскерлери менен чогуу жүздөгөн жайкын тургундар камалып калганын маалымдады. Мында 300дөн 500гө чейин тургундар жөнүндө кеп болууда.

Орусия Украинага басып кирердин алдында Луганск менен Донецкидеги жикчил “республикаларды” көз карандысыз өлкө деп тааныган. Орусия күчтөрү Украинадагы "блицкриг планы" ишке ашпай калган соң бул эки облустун администрациялык чек араларына чейин ээлеп алууну көздөп жатат.

Луганск облусунун мурдагы борбору Луганск шаарын 2014-жылы жикчилдер басып алгандан кийин Северодонецк шаары анын борбору болуп калган эле. Москва украин жергесине 24-февралда басып кирген, Северодонецк үчүн кармаштар май айынан башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG