Кыргызстанда жер басып алгандардын жазасын катуулатуу сунуш кылынууда. Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 15-июнда коомдук талкууга чыгарды.
Анда “Акыркы жылдарда республикада жерлерди ээлеп алуу, жерлердин бүтүндүгүн жана максаттуу багытын бузуу менен сугат жерлерине, түшүмдүү жерлерге өзүм билемдик менен турак жай куруу тенденциясы уланууда” деп айтылды.
Министрлик бул чөйрөдө бир топ «мафия» бар экенин, анын курамына тийиштүү шарт түзүп, айыл чарба жерлерин атайылап жараксыз абалга алып келүүгө аракеттенген мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, кызмат адамдары бар экенин белгиледи.
Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, бирөөнүн жерин басып алган киши ошол жерди кайтарып бергенден тышкары 50-100 миң сом айыппул төлөйт, азыр анын өлчөмү 20-50 миң сом. Ал эми эркинен ажыратуу азыркы 5 жылга чейинки мөөнөттөн 5-7 жыл деп сунушталууда. Курал колдонулган болсо 7-10 жыл, жерди басып алууну уюштурганы далилденсе 10-12 жыл эркинен ажыратуу каралууда.
Кыргызстанда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам 2021-жылы 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилери айтылган.
Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен. (RK)