Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

Улуу Британия патриарх Кириллди санкциялык тизмеге киргизди


Орусиянын президенти Владимир Путин, Коргоо министри Сергей Шойгу жана Православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кирилл.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Коргоо министри Сергей Шойгу жана Православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кирилл.

Улуу Британия Орусиянын Православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кириллди (Владимир Гундяев) санкциялык тизмесине киргизди. "Кара тизмедегилердин" өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат жана активдери бекилет.

Британ бийлигинин чечимдеринде патриарх Кирилл Орусиянын Украинага кол салуусун жактаган бир нече билдирүүлөрдү жасаганы негиз катары көрсөтүлгөн.

Кириллден сырткары тизмеге Украинанын жана Орусиянын 11 жараны киргизилди. Алардын арасында Украинанын оккупацияланган аймактарындагы Москва дайындаган администрациялардын өкүлдөрү, орус аскерлери менен кызматташкандар, орус армиясынын офицерлери жана Москва шаардык думасынын депутаты Сергей Савостьянов менен Орусиянын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белова бар.

Европа Биримдигинин Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетине бир нече өлкөнүн сунушу менен патриарх Кириллге да санкция салуу каралган эле. Венгриянын талабы менен ал кайрадан чыгарылган. Алтынчы санкциялык пакет өзү 3-июнда расмий бекитилген.

Патриарх Кирилл согуш башталгандан кийин Орусиянын Коргоо министрлигинин башкы храмында диний жөрөлгө өткөрүп, Донбасста “метафизикалык күрөш” жүрүп жатканын айткан жана Украинанын бийлигин чиркөөнү бөлүп жарууга айыптаган. Ал ошондой эле Орусия эч качан эч кимге кол салбаганын кеп кылып, өлкө тарыхый аймактарын кайтарып жатканын жарыялаган.

Улуу Британия Европа Биримдигинен 2020-жылы толук чыгып кеткен. Бул Украинадагы согушта Орусияга каршы өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG