Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Өзбекстанда тойдо колуктусун урган жигитке “бейбаштык” беренеси менен иш козголду


Тойдо жигиттин үйлөнүп жаткан кызды уруп жиберген учуру. Видеодон алынган скриншот.
Тойдо жигиттин үйлөнүп жаткан кызды уруп жиберген учуру. Видеодон алынган скриншот.

Өзбекстандын Үй-бүлө жана аялдар боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тойдо эркек аялын чаап жиберген окуя боюнча билдирүү таратып, алардын ата-энелерине жана өздөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Мунун алдында Өзбекстандагы тойлордун биринде тартылган видео интернетке тарап, чоң резонанс жараткан. Анда тамада үйлөнүп жаткан жаштардын ортосунда сынак өткөргөнү, анда кыз жеңип алса, болочок күйөөсү чычалап кетип аны башка катуу чаап жибергени тартылган. Жигиттин досу аны кубаттап күлүп жатса, коноктор унчукпай калганын, бирок эч ким каршылык билдирбегенин көрүүгө болот. Кийин кыз сыртка чыгарылып кеткен.

Окуя 6-июнда Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун Узун районундагы айылдардын биринде болгон. Жигит чаап жибергенине карабай, кыз анын үйүндө жашап калган. Gazeta.uz басылмасы маалымат чуу болуп кеткенден кийин милиция “майда бейбаштык” жөнүндө административдик иш козгогонун жазды.

Чуулгандуу видео германиялык Bild басылмасына, британиялык Daily Mail медиасына, Түштүк кореялык JTBC телеканалына жана башка ондогон эл аралык маалымат каражаттарына жарыяланып, айыпталган пикирлер жарыяланган.

Бул окуяны өзбекстандык укук коргоочулар, журналисттер жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары да айыптап, инцидент өлкөдөгү аялдарга мамилени көрсөтөрүн белгилешкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG