Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:59

Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Бишкек шаардык соту коррупцияга шек саналып бир айга камалган, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Бейшеналиевдин адвокаттары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан. Анын кан басымы көтөрүлүп жатканы айтылган.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Мындан соң президент Жапаров Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн жарыялаган. Бирок комиссиянын курамына кимдер киргени жана канча убакыт иш алып барары тууралуу так маалымат берилбей келет.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесине байланыштуу экени жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынганы айтылган.

Президенттин администрациясы «Азаттыкка» атайын комиссия иштеп жатканын кабарлаган.

Аталган комиссия тыянак чыгаргандан кийин президент Садыр Жапаров министр боюнча чечим кабыл аларын билдирген. (МТа)

XS
SM
MD
LG