Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Парламент кесиптик кошуундар боюнча комиссия түзүү маселесин карайт


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Бүгүн 16-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Кесиптик кошуундар федерациясынын ишмердүүлүгүн изилдей турган убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралат. Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, комиссия түзүүнү «Ынтымак» жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциялары демилгелеген.

Бул маселе парламентте өткөн аптада көтөрүлүп, айрым депутаттар кесиптик кошуундардын жетекчилигин “чыныгы мафия” деп аташкан.

Соңку бир нече жылдан бери Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясында ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. Федерациянын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 1-январда билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG