Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

Кочкор районунда акимге каршы митинг өттү


Кочкор району. Иллюстрациялык сүрөт.
Кочкор району. Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкор районунун бир катар тургундары район акими Курбанбек Камчыевдин кызматтан кетишин талап кылып, акимчиликтин астына митингге чыкты. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Ормон Нурбек уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Кочкор районунун төрт тургуну аким менен жеке ишкердин жең ичинен сүйлөшүүсүнөн камалып кетип жатат. Акимдин ишине нааразы адамдар абдан көп. Эл жөндөн-жөн көтөрүлбөйт да. Эки жүздөй адам чыкты. Төрт адамга 2,5 млн. сом айып пул салынып жатат".

Нурбек уулунун айтымында, Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу "Кирпичный" деген жердеги сарайды мыйзамсыз бузду деп төрт адам камалган. Учурда үй камагына бошотулуп тергөө иштери жүрүп жатат.

Жогорку Кеңешке аталган округдан депутат болгон Мирлан Самыйкожо митингге чыккандар менен жолуккан.

Район акими Курбанбек Камчыев анын дарегине айтылган айыптоолор боюнча кийин комментарий бере турганын айтты.

Буга чейин 2-июндагы парламент отурумунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кочкор районунун акими тууралуу оперативдүү маалыматтар түшүп жатканын айткан.

Курбанбек Камчыев 2021-жылы май айында Кочкор районунун акими болуп дайындалган. (МТа)

XS
SM
MD
LG