Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Бишкекте жаңы футболдук стадион курулары айтылды


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Президент Садыр Жапаров быйыл август айында Бишкекте 22,5 миң адам бата турган заманбап жаңы футболдук стадиондун курулушу башталарын билдирди. Өлкө башчынын маалыматына ылайык, ал чоң иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан көп функциялуу спорттук арена болот.

Бул тууралуу Садыр Жапаров 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинен кийин кыргыз футболчулары менен жолукканда айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Стадион Бишкектин кайсы жерине салынары айтылган жок.

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын командаларынын беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен бүттү.

Президент Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюнду бир катар мамлекеттик чиновниктер менен барып көрдү. Борбордук стадиондо күйөрмандар буга чейинки жана кыргыз-тажик футболчуларынын беттешинде да “жаңы стадион! Садыр, стадион!” деп кыйкырышкан.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө F тайпасында экинчи орун менен чыкты.

Кыргызстанда жаңы спорттук арена куруу демилгеси буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн.

Азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион - эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG