Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:05

Бишкекке АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы келди


Майкл Курилла.
Майкл Курилла.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эл аралык иш сапарынын алкагында Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилланы кабыл алды.

Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында жарыяланды.

Анда министр Кулубаев аймактык коопсуздукту жакшыртуу боюнча региондук аракеттерди координациялоонун маанилүү экенин белгилегени айтылат.

Жолугушууда Ооганстандагы кырдаалдын алкагында чек араларды бекемдөө жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Гуманитардык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралган.

23-майда АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаган. (МТа)

XS
SM
MD
LG