Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:11

Бишкекте майыптыгы бар адамдар акцияга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына майыптыгы бар адамдар акцияга чыгышты. Жыйырмадай адам бийликтен турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Акцияда сүйлөгөндөрдүн бири президент Садыр Жапаров кабыл алышын суранды.

"Кыргызстанда майыптардын жерге, үйгө муктаж болгонуна 30 жылдан бери көңүл бурулбай келет. Биз айла жоктон ушул кадамга барып, акцияга чыгып жатабыз. Садыр Нуркожоевич бизди кабыл алууңуздарды суранабыз".

Акцияга чыккандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолукту. Ал өкмөттө дал ушул багытта мекемелер аралык комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин да Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар турак-жай маселесин чечүү талабы менен өкмөткө кайрылып келген.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өлкөдө 198 миңден ашык адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген деп аныкталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG