Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:22

Таласта ККМге каршы нааразылык акциясы өтүп жатат


Таласта көзөмөл-кассалык аппаратына каршы чыккандар. 13-июнь, 2022-жыл.
Таласта көзөмөл-кассалык аппаратына каршы чыккандар. 13-июнь, 2022-жыл.

Көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акциясы 13-июнда Талас облусунда да өтүп жатат. Ага болжол менен 80ге жакын адам катышууда.

Ушундай эле митинг Бишкекте өкмөт үйүнүн имаратынын алдында өтүүдө. Алар ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюп жатышат.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Акылбек Жапаров 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугуп ККМ көмүскө экономиканы жана аткезчиликти азайтууга жардам бере турганын айтты. Ал эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин түшүндүргөн. (BTo/MKt)

XS
SM
MD
LG