Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Францияда парламенттик шайлоо өттү


 Франциянын президенти Эммануэль Макрондун парламенттик шайлоодо добуш берип жаткан учуру. 12-июнь, 2022-жыл.
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун парламенттик шайлоодо добуш берип жаткан учуру. 12-июнь, 2022-жыл.

12-июнда Францияда парламенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Экинчи тур бир аптадан кийин, 19-июнда болот.

Франциянын президентин шайлоо апрелде жыйынтыкталган. Анда Эммануэль Макрон экинчи мөөнөткө шайланган. Эми анын тарапкерлери парламенттеги көпчүлүк орунду алуу үчүн күрөшүп жатышат.

Макрон орточул деп саналат, анын саясий өнөктөштөрү оңчул жана солчул топтор менен да атаандашууга аргасыз. Президент алдыңкы беш жылда өзүнүн программасын ишке ашыруу үчүн ага парламенттик көпчүлүктүн колдоосу зарыл.

Бийликчил партияга NUPES (Жаңы элдик экологиялык жана социалдык биримдиги) солчул партиясы негизги атаандашы катары чыкты. Ал партия Францияны Евробиримдиктен жана НАТОдон көз карандысыз өлкө кылуу үчүн күрөшөт.

NUPES партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон Макрондун ачык каршылашы, ал өзүнүн айланасына башка дагы солчул партияларды топтой алган. Меланшон жана анын өнөктөштөрү пенсиялык куракты төмөндөтүү, минималдык эмгек акыны көтөрүү, маанилүү азык-түлүктөргө бааларды бир көлөмдө бекитүү жана Францияда миллиондогон жаңы жумуш орундарын түзүүнү убада кылууда.

Француз оңчулдар өз талапкери Марин Ле Пен президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин бир саясий партияга бириге албай калышкан. Баштапкы сурамжылоолорго караганда, алар парламентте бир нече орундан ашык мандат ала албай деп күтүлүүдө.

Социалдык сурамжылоолорго ылайык, Макрондун коалициясы парламентте 275тен 315ке чейин орун алат деп божомол бар. Парламенттеги 577 орундан 289 орунда алган саясий топ көпчүлүктү түшүп калат. (ErN)

XS
SM
MD
LG