Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

Боливиянын мурдагы президенти 10 жылга камалды


Жанин Аньес - ортодо.
Жанин Аньес - ортодо.

Боливиянын борбору Ла-Паста сот мурдагы президент Жанин Аньести он жылга эркинен ажыратты. Ал "бийликке мыйзамсыз келип, элди козголоңго шыкактап, мамлекеттик төңкөрүш даярдаган" деп айыпталган.

Бул айыптоо Боливия кризиске кабылган 2019-жылдын ноябрындагы окуяларга байланыштуу. Расмий маалыматтарга караганда, 2006-жылдан бери мамлекет башчылыкты аркалап келген социалист Эво Моралес президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Бирок миңдеген адамдар шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп, Моралес президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Өлкөнүн жетекчилиги отставкага кетип, сенаторлор палатасынын төрагасынын экинчи орун басарынын кызматын аркалаган Аньес өзүн өткөөл мезгилге Боливиянын убактылуу башчысы деп жарыялаган. Кийинки шайлоо 2020-жылдын октябрында болуп, Моралестин өнөктөшү Луис Арсе жеңген. Беш айдан кийин Аньес жана анын шериктери "төңкөрүш жасоого аракет кылган" деп амакка алынган.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Аньеске жана анын жактоочуларына каршы козголгон кылмыш ишин "Боливиядагы адам укуктарынын бузулушу үчүн жазасыз калуу пандемиясынын" уландысы деп атаган. Ошол эле учурда Аньестин өкмөтү жапырт нааразылык акциялары учурунда адам укуктарынын бузулушун жетиштүү иликтебегенин билдирген.

Аньестин өзү жана тарапкерлери анын бийликке келиши мыйзамсыз болгонун четке кагууда. Экс-президент күнөөсүн мойнуна алган жок жана өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт. (SE)

XS
SM
MD
LG