Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:27

Херсондо жана Запорожьеде орус паспорту бериле баштаганы кабарланды


Украинанын Запорожье облусунун жана Херсон шаарынын оккупацияланган аймактарында жарандарга 11-июндан тарта орус паспорту бериле баштады. Бул тууралуу Кремл дайындаган жергиликтүү администрациялардын "жаңы жетекчилери" билдиришти.

Орусиянын маалымат каражаттары Запорожье облусунун "аскердик-жарандык администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү" деп атаган Владимир Роговдун айтымында, орус паспортун алуу ниетин 70 миңден ашуун тургун билдирген. Согушка чейин Украинанын бул аймагында 1 миллион 600 миңден ашуун адам жашачу.

РИА Новости Херсондо 23 тургун жаңы паспорт алууга келгенин жазды. Алардын арасында мурда Евробиримдиктин санкцияларына кабылган аймактын оккупациялык “аскердик-жарандык администрациясынын” башчысы Владимир Салдо да бар.

Украина өкмөтү паспортторду берүүнү орусиялык пропаганданын элементи деп атады.

АКШ Путиндин Херсон жана Запорожьенин тургундарына орус жарандыгын берүү чечимин Украинанын элин баш ийдирүү аракети катары баалады.

Буга чейин Запорожье менен Херсон орусиялык телефон кодуна жана кош валюталык эсептешүү системасына өтүп жатканы кабарланган.

Орусия Украинаны аймагына 24-февралда бастырып кирген, андан бери миңдеген адам өлүп, салгылашуу уланууда. Москва бул кадамын "атайын операция" деп атаган. Эл аралык коомчулук Кремлди сындап келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG