Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

Талдоочулар Марат Казакпаевдин өлүмүн тыкыр иликтөөнү суранышты


Марат Казакпаев.
Марат Казакпаев.

Кыргызстандагы саясат талдоочулар тобу тийиштүү органдардан серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүн тыкыр иликтөөнү суранышты. Аскар Айтматов, Марс Сариев, Бакыт Бакетаев, Заирбек Эргешев, Эмил Жороев, Денис Бердаков, Турат Акимов жана башка талдоочулар 11-июнда ушундай билдирүү таратышты. Алар Казакпаевдин өлүмү илим жана билим дүйнөсүндөгү чоң жоготуу экенин белгилешти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан 9-июнда оор абалда ооруканага түшкөн саясий серепчи, тарых илимдеринин доктору, профессор Марат Казакпаев эсине келбей жатып, 10-июнда 56 жаш курагында көз жумду. Ага геморрагикалык инсульт деген диагноз коюлган.

Мамлекетке чыккынчылык кылган деп былтыр камалган саясат таануучу Марат Казакпаевдин жубайы жолдошу УКМКда кыйноого кабылганын айтып чыкты. Атайын кызмат муну четке каккан.

Казакпаев эксперт катары өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий окуяларды талдап, аларга комментарий берип турчу.

Камакка алынардан мурда ал aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалышын дал ушул маекке байланыштырган.

Сөөгү 12-июнда жерге берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG