Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:53

Владимир Путин Орусиянын аймактарын кайтарып жатканын айтты


Владимир Путин
Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путин Москвада жаш ишкерлер менен жолугушуу учурунда өзүн орус императору Петр Биринчиге салыштырып, бир кезде Орусияга караштуу аймактарды кайтарып, бекемдөө ага тагылган тарыхый миссия экенин билдирди.

Путин Петр Биринчинин Швециянын бир бөлүгүн каратып алганын комментарийлеп жатып, 1700-1701-жылкы Түндүк согушта болгон окуяларды “аймактарды кайтаруу жана бекемдөө” деп атады. Путин муну ал жерлерде фин-угорлор менен чогуу славяндар да жашаганын, ал аймак Орус империясынын көзөмөлүндө болгону менен түшүндүрдү.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Донбасс аймагы деп аталган Донецк менен Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилдер өзүн-өзү "республика" деп жарыялаган, Москва аларды быйыл 21-февралда тааныган.

Андан кийин, 24-февралда орус аскерлери украин жергесине басып кирген. Ушул убакка чейин Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Донецк менен Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Херсон, Запорожье, Харьков облустарынын айрым аймактарын ээлеп алды. Калган аймактарында аткылоосун улантууда. Бул жана башка аймактарда Орусияга кошулуу боюнча референдумдар өтөрү кабарланууда.

Ушул күндөрү Орусияда Петр Биринчинин (Петр I) туулгандыгынын 350-жылдыгы белгиленип жатат. Анын тушунда Швециянын бир катар аймактары, Латвия менен Эстониянын жерлери тартылып алынган. Ал жерлер ага чейин Орусиянын курамына кирген эмес же башка орус княздарына караган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG