Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Көп улуттуу өлкөнү артка тарткан көйгөй көп


2010-жылкы Июнь коогасына быйыл 12 жыл толду. Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган бул окуяны эскерүүнүн алдында Кыргызстанда улут аралык мамилени жөнгө салуу, көп улуттуу өлкөнү өнүктүрүү маселелери талкууланып жатат.

Өлкө бийлиги бул жаатта "Кыргыз жараны" деген концепцияны сунуштады. Кыргызстанда канткенде көп улуттуу, көп маданияттуу коомду кура алабыз? Аз улуттардын көйгөйлөрүнө жетиштүү көңүл бурулуудабы? "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында мына ушул суроолорго жооп издедик.

Ага Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Аблабек Асанканов, Борбор Азиядагы Peace Nexus фондунун жетекчиси Чынара Эсенгул, Борбор Азия Медиа фондунун төрагасы Ибраим Нуракун уулу жана журналист Шохрух Саипов катышты.

"Азаттык": Алгачкы суроону Аблабек мырза сизге жолдогону турам. Кыргызстанда Июнь окуясынан кийин улут аралык мамилени жөнгө салуу, эл арасында ынтымакты калыбына келтирүү жаатында бир топ кадам ташталгандай болгон. Ошол иш канчалык ырааттуу жүрдү жана бүгүнкү жыйынтыктары катары эмнелерди айтсак болот?

Асанканов: Июнь окуясы биздин өлкө үчүн абдан чоң кайгылуу окуя болду. Мында биз 500гө жакын жараныбызды жоготтук, 6 миллиард сомго жакын материалдык чыгым тарттык. Албетте, бузулган үйдү курса, бирок генетикалык жактан тууган, түрк тилдүү элдерге кирген эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда жарака кетти.

Аблабек Асанканов
Аблабек Асанканов

Бул өзү чоң маселе болду. Ушул окуядан кийин биздин өлкөнүн жетекчилиги сөзсүз түрдө жаңы улут саясаты керек экен деген жыйынтыкка келди. Ушул жылдар аралыгында улут аралык мамилени чыңдоо багытында эки концепция кабыл алынды. Биринчиси - 2013-жылы апрелде улуттар ортосундагы биримдикти бекемдөө жана жакшыртуу жөнүндө концепция кабыл алынды. Документ 2021-жылга чейин иштеди. Анын алкагында улут аралык мамиле жөнгө салынып, эч кандай чыр-чатактарга жол берилген жок. Жакшы жыйынтыкка келдик деп айтсак болот. Биз 2018-жылдан тарта экинчи этабына өтөлү деп иштей баштаганбыз. Экинчи этабы - деп кыргыз жаранын калыптандыруу үчүн тиешелүү шартты түзөлү дедик. Бул документти 2018-жылы иштеп чыкканыбызга карабай төрт жылдай каралбай жатты. 2021-жылы ноябрда гана кол коюлду. Учурда дал ушул документтин алкагында иштеп жатабыз.

"Азаттык": Шохрух мырза, бийлик өкүлдөрү улут аралык мамилени жөнгө салуу боюнча бир катар документтер кабыл алынып, иш мыкты деңгээлде жүрдү айтып келишет. Мындай иштердин жыйынтыгын Кыргызстандагы бардык улуттардын өкүлдөрү сезе алдыбы?

Саипов: Бул жерде саясаты жок эле эл ынтымактуу жашап келген жана жашай берет. Бизде саясатчылар жеке кызыкчылыгы үчүн улуттук сезимди козгоп, чагымга түртүшү мүмкүн.

Шохрух Саипов
Шохрух Саипов

Сиз белгилегендей, бул жаатта бир топ документтер иштелип чыгып, кабыл алынды. Бирок жакшы натыйжа бере элек. Себеби, улут аралык мамилени жөнгө салуу жаатында айрым мамлекеттик органдар формалдуулук үчүн эле иштеп койгондой. Көпчүлүгү отчеттер менен чектелип калгандай сезилет. Балким тар чөйрөдө кайсы бир семинар, тренингдер өтүп жаткандыр. Бирок көчөдөгү эл ынтымакка келип, чыр-чатаксыз эле өз оокатын кылып жатат.

"Азаттык": Чынара айым, бийлик жакында "Кыргыз жараны" деген концепцияны сунуштап чыкты. Бул жалпы коомдун биримдигин чыңдайт деп айтып жатышат. Концепция жарандарга дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү, артыкчылыктарды берет?

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

"Азаттык": Ибраим мырза, сиз бир топ жыл четте, көп улуттуу, көп маданияттар жуурулушкан өлкөдө иштеп келдиңиз. Көп улуттуу коомдун күчү эмнеде?

Нуракун уулу: Негизги маселе, Чынара айым айткандай, кыргыз коомунун ичинде жердешчилик, уруучулук деп бөлүнүү болуп жаткан соң этностук мамиле экинчи маселе катары каралууда. Маселен, Британияда британдык деп ошол өлкөнүн баалуулуктарын өзүнө сиңирет. Бул өлкөдө абдан көп улуттар жашайт.

Ибраим Нуракун уулу
Ибраим Нуракун уулу

Индиядан, Пакистандан, азыркы маалда Жакынкы Чыгыш, Африкадан көчүп келгендер да ушул баалуулукту өзүнө сиңирип, британ коому да аларды жерибей, өзүнүн эшигин ачууда. Кыргызстанда титулдук улут болгон кыргыздар башкаларга үлгү болуп, эшигин ачып, кучагын жайып, өз коомуна сиңиргендей абалда болуп жатабы? Албетте жок. Себеби, кыргыз коому өзү ооруп жатат. Уруучулук, трайбалисттик менен азыркыга чейин ооруп келет.

Аблабек агай айтып жаткан документтер 2010-жылдан кийинки маселелерди убактылуу чечти. Мисалы, журналист катары айтсам, 2010-жылдан кийин медиада кастык тилин жоюу боюнча абдан жакшы иштешти. Азыркы коомчулук да, журналисттер да этнос аралык кагылышуу эч кандай жакшылыкка алып келбесин, өлкөнү артка тартарын түшүнүп калды. Бирок бул баштан өткөн ачуу тажрыйба, кан төгүү менен жетишилген жыйынтык болду. Бул жыйынтык ошол учурдагы оор окуяларды көргөндөр менен токтоп калып жатпайбы. Азыр жаш муунду тарбиялап, мурдагы катачылыктарга жол бербеш үчүн иштеш керек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG