Украинанын Башкы штабы 8-июнда фронт тилкесинде олуттуу өзгөрүү болбогонун, Северодонецк шаарында орус армиясы Изюм менен Славянсктын ортосундагы жана Бахмут-Лисичанск трассасындагы кыштактарга кайрадан чабуул жасаганга аракет кылганын, анысынын майнап болбогонун билдирди.
Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай журналисттерге курган маегинде украин аскерлери Северодонецктин четин гана көзөмөлдөп турганын айтты. Анын билдиришинче, орус аскерлери бул шаарды жер менен жексен кылып жатышат.
8-июнда Украина менен Орусия каза болгон аскерлеринин сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришти. Мындай кезектеги жараян Запорожье аймагында "50X50" форматында өттү. Украина сөөгүн өткөрүп алган 50 аскеринин 37си Мариуполдун жана "Азовсталдын" коргоочулары экенин билдирди. (RK)