Акыйкатчынын сунуштамаларын мамлекеттик органдар “милдеттүү түрдө аткарышы керек” деген норма кирмейинче бул мекеме жасап жаткан ишинин пайдасы жок болуп жатканын омбудсмен Атыр Абдрахматова бүгүн 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде жылдык баяндама жасап жатып билдирди:
“Акыйкатчынын “көңүл буруу актылары” сунуш катары гана киргизилгендиктен көп учурда аткарылбай келгени маалым. Буюрса жаңы Конституцияга ылайык акыйкатчы тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынып жатканда биздин “көңүл буруу актыларыбызды” аткарууга милдеттүү деп көрсөтсөк. 10-15 жылдан бери соттошуп, адилеттүүлүктү таппай жүргөндөр, Кыргызстанда, тилекке каршы, көп. Биз ар бир ошол учурларды талдап, адам укуктарынын бузулушун тапкан учурда жөнөткөн “көңүл буруу актыларыбыз” милдеттүү түрдө аткарылбаса, анда биз кылып жаткан иш кереги жоктой болуп калат экен”.
Акыйкатчы «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» 2019, 2020 жана 2021-жылдар үчүн баяндама жасоодо. Мындан тышкары, “Сот адилеттигин аткарууда баланын кызыкчылыктарын жакшы камсыз кылуу принцибин ишке ашыруу» жана “Жазык-аткаруу тутумунда өмүрүнүн аягына чейин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы” деген эки атайын баяндама да болот.
Абдрахматова акыйкатчыдан жардам сурап 2019-жылы 11 миң, 2020-жылы 9,5 миң жана 2021-жылы 13 миң арыз-даттануу менен кайрылышканын билдирди.
Арыз-даттануулардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу экени белгиленди. Адамдар сотко мониторинг жүргүзүп берүүнү, жер участокторун бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүнү суранышкан.
Кыргызстанда адам укуктарына парламенттик көзөмөл жүргүзүүчү акыйкатчы институту 2002-жылы иштей баштаган. Өлкөнүн башкы укук коргоочу жыл сайын парламентте баяндама жасайт.
Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп быйыл март айында дайындалган. (RK)