Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:31

ЖИА түрк элчисинин айтканына “терең тынчсыздануусун” билдирди


Кыргызстандын ЖИА бизнес-ассоциациясы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын алар тууралуу айтканына байланыштуу “терең тынчсыздануусун билдирип, ал кечирим сурарына ишенерин айтты.

Ассоциация 5-июнда тараткан билдирүүдө элчи Кыргыз-Түрк Манас университетинде сүйлөгөн сөзүндө ЖИА ассоциациясын "ФЕТО" уюмунун Кыргызстандагы бутактарынын бири деп атаганы айтылды.

Билдирүүдө "ассоциациянын Түркия бийлиги "ФЕТО" деп атаган уюмга эч тиешеси жок" экени, "2006-жылдан бери ал миңден ашык ишкердин башын бириктирип, эл аралык стандарттар менен иштеген ири эл аралык уюмдарга мүчө боло алганы, саясатка аралашпоо принцибин карманып келе жатканы жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык түзүлүп, иштеп жаткан мекемени террористтик уюм деп атоого эч кимдин акысы жоктугу" белгиленди.

Анда “Ассоциация Түркиянын улуттук коопсуздугуна кандай гана болбосун коркунуч келтириши мүмкүн деген түрк элчисинин сөздөрү абсурд. Кыргызстандык уюмдарды террордук топтордун мүчөсү, ал эми жарандарды манкурт деп атоо менен ал дипломатиялык жана мамлекеттик кызматкердин этикалык нормаларын бузду. Мындай мамилеси ЖИА бизнес-ассоциациясынын беделине доо кетирет” деп айтылды.

31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм” деген семинар өткөн.

Активист Гүлжигит Исаков бул иш-чара боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) университетке чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда сүйлөгөн түрк элчиси АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар болорун айткан.

Кыргызстандын ТИМи бул семинарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирген.

Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. "Гүлен кыймылы" түрк бийлигинин айыптоолорун четке каккан.

Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги ЖИА ассоциациясынын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.(RK)

XS
SM
MD
LG