Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Евробиримдик Алина Кабаева баштаган 65 орусиялык жаранга санкция салды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Алина Кабаева.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Алина Кабаева.

Европа Биримдиги Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин алкагында орусиялык 18 компанияны жана 65 жаранды санкциялык тизмеге киргизди.

Анда Олимпиада чемпиону Алина Кабаева, “Яндекстин” негиздөөчүсү, миллиардер Аркадий Волож, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун аялы жана балдары, Роскомнадзор мекемесинин башчысы Андрей Липов, "Независимая Нефтегазовая компания" ишканасынын ээси Эдуард Хуйданатов жана бизнесмен Евгений Пригожиндун уулу Павел Пригожин да кирген.

"Кара тизмеге" Украинанын Херсон облусундагы орусиячыл администрациясынын жетекчиси Владимир Сальдо, анын орун басары Кирилл Стремоусов, Орусиянын Улуттук коргонуу башкармалыгынын 64-мото аткычтар бригадасынын жетекчиси Михаил Мизинцев баштаган кызматкерлер да кошулган. Евробиримдик бул бригаданы Бучадагы кыргынга тиешеси бар деп эсептейт.

Европа Биримдигинин кеңеши 3-июнда Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетин расмий түрдө бекитти. Жаңы санкцияда орус мунайын ташып келүүнү алты айдан кийин, мунай заттарын сатып алууну сегиз айдан кийин толук токтотуу чечимин кабыл алды.

Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын деп саналган Олимпиада чемпиону Алина Кабаева менен мамлекет башчынын мурдагы жубайы Людмила Очеретнаяга биринчи болуп Улуу Британия 13-майда санкция салган.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтеги өз булактарына таянуу менен Алина Кабаеваны Путиндин жубайы жана эки баласынын атасы деп жазып келишет. Швейцариялык SonntagsZeitung гезити Кабаева Путинден 2015-жылы жана 2019-жылы эки балалуу болгонун маалымдаган. Кремл бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Мурдараак The Wall Street Journal басылмасы АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши Кабаевага каршы санкция салууну токтотуп койгонун жазган. Медиа муну америкалык аткаминерлер Орусиянын президенти Владимир Путин менен ымала мындан ары өтө оорлоп кетеринен чочулаганын белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG