Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Орусия сыртынан камаган журналистке Украина жарандык берди


Александр Невзоров
Александр Невзоров

Москванын украин жергесине баскынчылыгын сындагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялык журналист Александр Невзоровго жана анын аялы Лидияга Украинанын жарандыгы берилди. Бул тууралуу жарлыкка президент Владимир Зеленский кол койгонун Украинанын ички иштер министри Антон Геращенко Телеграмда кабарлады.

Анын айтымында, бул нерсе журналисттин “Украинага сиңирген эмгеги үчүн” берилди. “Александр жана Лидия, силердин эрдигиңерге жана чынчылдыгыңарга рахмат. Согушту токтотууга жана чыныгы кырдаалды чагылдыруу үчүн чын жүрөктөн жасаган аракетиңерге ыраазычылык билдиребиз”,-деп жазды Геращенко.

Украинанын мыйзамдары бир учурда башка өлкөнүн жарандыгын да алып жүрүүгө тыюу салат. Александр Невзоров жана анын үй-бүлөсү Орусиянын жарандыгынан чыгып-чыкпаганы белгисиз.

Москванын Басманный райондук соту Украинадагы Александр Невзоровду 6-майда сыртынан камакка алган. Мунун алдында Орусиянын Ички иштер министрлиги Невзоровго издөө жарыялаган. Теле алып баруучу орус армиясы тууралуу чындыкка жатпаган маалымат таратууга шектелүүдө.

Невзоровго кылмыш иши козголгонун Тергөө комитети 22-мартта кабарлаган. Анда журналисттин Украинанын Мариупол шаарындагы төрөткананы орусиялык аскерлер аткылаганы тууралуу билдирүүсү иликтөөгө алынып жаткан.

Жоокерлердин жарандык объектилерди атайылап аткылоосу аскердик кылмыш катары каралат. Орусиянын куралдуу күчтөрү мындай соккуларды уруп жатканын төгүндөп келет. Жарандык объектилер талкаланган учурда “аны украин аскерлери аткылаган” деген маалымат таратат.

Орус армиясы Мариупол шаарындагы төрөт үйүнө авиасокку урганын украин бийлиги 9-мартта кабарлаган. Орусия алгач имаратта Украинанын Улуттук гвардиясынын бөлүмүнүн штабы жайгашканын билдирсе, кийин алар сокку урганын танып чыккан.

Мамлекеттик Думанын төрт чакырылышынын депутаты, советтик жана орусиялык журналист, режиссёр, сценарист Александр Невзоров Орусия Украинага кол салган учурда эле катуу сындап чыккан. Андан кийин өзү чет жакка чыгып кеткен. Ушул күндөрү да Ютуб жана Телеграм каналында Кремлдин чечимин катуу айыптаган материалдарын жарыялап жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG