Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Президент Жапаров: Прокуратура Бейшеналиев боюнча буга чейин кайрылган


Алымкадыр Бейшеналиев жана Садыр Жапаров.
Алымкадыр Бейшеналиев жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров коррупцияга шек саналып кармалган cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура каржылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылганын билдирди.

Президент "Азаттык" радиосуна комментарий берип, министр боюнча комиссия түзгөнүн маалымдады.

"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. “Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле” деп. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат берет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз”, - деди Жапаров.

Кыргызстанда cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалды. Ал президент Садыр Жапаровдун көздөй кадры катары белгилүү болчу.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жети кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелеринин негизинде козголгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG