Президент Садыр Жапаров 2-июндагы парламент жыйынындагы атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышы боюнча үн катты. Жапаров Мадумаровду “мамлекетчил эмес” деп айыптап, атайын кызмат аткезчилик менен күрөшүп жатканын "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
“Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү. Азыр дүйнө боюнча бардык өлкөлөрдө кризис болуп атат. Муну баарыңар көрүп турасыңар. Биз колубуздан келишинче өлкөбүздө тамак-аш тартыштыгы болбосун деп болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ошол үчүн сыртка чыгып кетпесин деп катуу көзөмөл кылып жатабыз. Бул ишти УКМК көзөмөлдөп жатат. Бул алардын түздөн-түз милдети. Коопсуздук деп аты айтып тургандай эле бардык жактан коопсуздугубузга УКМК жооп берет. Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн. Андайларды кармап келип камап атышат. Көрүп атпайсыңарбы. Ал эми аткезчилик 90 пайыз токтоду. Эгер токтотпосок тамак-ашка баалар өзүбүздө асмандын башына чыгат. Анда да кооз сүйлөп кыйкырып чыгат. Камчыбек Кыдыршаевичтин жаны ачышып кетип анан катуу жооп берди. Аны туура эле түшүндүм”, - деди Жапаров.
Азырынча Адахан Мадумаров президенттин пикири боюнча жооп бере элек.
Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан. Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүү алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптаган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин сөзүн жооп берип, аткезчилик бир мамлекеттен экинчи мамлекетке ташыганда болорун, Кыргызстандын ичиндеги эки айылдын ичинде пост турбаш керек экенин белгилеген.
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Ошондон кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн эле. (TSh)