Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Баткенде стадиондун курулушу боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды


Баткен шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкери тендер өткөрбөй туруп ИП “С” жана ЖЧК “ЖП” уюмдарын шаардагы стадиондун курулуш ишине тартканы Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан аныкталганын мекемеден маалымдалды.

Стадионду асфальттоо, трибунасын, чечинип-кийинген жайын оңдоо жана жарыктандыруу үчүн 15 млн. сомго жакын каражат сарпталган иштер аяктаган соң гана тендер уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ИП “С” ишканасы асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү уруксат кагазы жок туруп иш жүргүзүүгө макулдук берилген. Мындан тышкары тендердин шарттарына ылайык каржыны бөлүп төлөө шарттары аткарылбастан акча толук которулган.

Бул учур боюнча 337-беренеге ылайык (кызмат абаланын кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголду.

Быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түздөлүп, асфальт басылган.
Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлгө алганын билдирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG