Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

АКШда белгисиз адам ооруканага кол салып, беш адам өлдү


АКШнын Оклахома штатындагы Талса шаарындагы окуя болгон оорукананын айланасын полиция кайтарып турат.
АКШнын Оклахома штатындагы Талса шаарындагы окуя болгон оорукананын айланасын полиция кайтарып турат.

АКШнын Оклахома штатындагы Талса шаарындагы ооруканада куралчан киши ок атып, кол салган кишинин өзүн кошкондо беш адам өлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Полициянын маалыматына караганда, чабуул жасаган киши өзүн өзү атып өлтүргөн болушу мүмкүн. Ал 35-40 жаштарда болгон жана мылтыктан ок чыгарган. Анын аты-жөнү жана мотиви аныктала элек.

Бул АКШдагы быйылкы экинчи куралдуу кол салуу болуп калды. 24-майда Техас штатындагы Ювалд шаарындагы башталгыч мектептердин биринде белгисиз адам ок чыгарып, 19 окуучу, бир мугалим жана дагы эки киши мерт болгон. Дагы 13 бала ар кандай деңгээлдеги жарааты менен ооруканада жатат.

Полиция ок чыгарууга шек саналган 18 жаштагы Сальвадор Рамос аттуу жергиликтүү тургунду атып өлтүрдү. Атышуу маалында эки полиция кызматкери жеңил жараат алды. Мурдараак ал Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарындагы супермаркетте 10 адамды өлтүргөнү аныкталды.

АКШнын президенти Жо Байден жубайы менен Техастагы окуя болгон мектепке барып, өлкөдөгү курал лоббисине каршы сөз сүйлөгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG