Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.

Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билимдеринин, иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо экени айтылат.

Ага ылайык мамлекеттик жарандык кызматкерлерди жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

Буга чейин кыргыз бийлиги аким жана орун басарларынын кесипкөйлүгүн текшерип, иргөө үчүн аттестациядан өткөргөн. (МТа)

XS
SM
MD
LG