Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

Парламентте Сырт өрөөнүндө калган малчылардын көйгөйү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусундагы айрым райондун малчылары жайлаган жайлоолордо калың кар түшүп, мал-жандыктарга тоют жок болуп жатканын айтты.

Жумабеков 2-июндагы парламент жыйынында Министрлер кабинетин кечиктирилгис чара көрүүгө чакырды.

“Малчылар элдин малын чогултуп, жайлоого алып чыккан. Жолдор жабылып, жем-чөбү жок мал кырыла баштады дейт. Тик учактар деле бар. Аларга тоют жеткирбесек, абалы оор болуп турат”, - деди Жумабеков.

1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл облусундагы Тосор ашуусунда эки чабан 30 баш бодо малы, 80 баш жылкысы менен өтө албай калганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, май айында нөшөрлөгөн жаандан кийин Сырт өрөөнүнө калың кар жаап, ашуудан өтүү кыйындаган. ӨКМ жеринен барып тактоо жана жардам берүү үчүн ашууга беш куткаруучу адис жөнөп кеткенин маалымдаган.

2-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Ысык-Көл облусунда ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, кошумчу техникалар дагы тартыла турганын маалымдады.

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнү Нарын облусунун жайлоолору менен чектешет. Өрөөндөгү жайлоолордо Тоң районунун чабандары, малчылары жайкысын мал багат. (TSh)

XS
SM
MD
LG