ХХ кылымдын 30-жылдарындагы репрессия өлкөнүн бардык чөйрөcүн камтыган. Кыргызстандык белгилүү тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин репрессияга кабылган алгачкы кыргыз офицерлери тууралуу макаласын сунуштайбыз.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Алгачкы кыргыз атчандар эскадрону
Башында репрессия курмандыктары коомдук-саясий ишмерлер, маданий жааттагы мыктылар, экономикалык чарбалык тармакта эмгектенгендер, билим берүү, агартуу тармагын жөнгө салгандар болсо, 30-жылдардын аягында узун тизмеге жарандык согушта жана контрреволюциялык кыймылды жоюуда эрдик көрсөткөн Кызыл армиянын аскер жетекчилери кошулган.
Кыргызстанды дагы репрессиянын бүткүл союздук сценарийинин деңгээлине жеткирүү үчүн "аскердик кутум" гана жетишсиз болгон.
СССР Ички иштер эл комиссарлыгынын (НКВД) "ойлоп табуучулары" ошондо айрым аскерлерди жазага тартардын алдында "Социал-Туран партиясынын аскердик бөлүмү” деп жаманатты кылууга үлгүрүшкөн.
Алгачкы кыргыз атчандар эскадрону, дивизиясы жана полкунун түзүлүшү -
РСФСРдин курамындагы Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен башталган.
Түркстан фронтунун 1925-жылдын 27-июнундагы буйругу менен кыргыз атчандары эскадрон болуп уюшулуп, анын командири болуп жарандык согуштун көрүнүктүү аскер жетекчиси А.Вахидов, комиссарлыгына Т.Мамашов дайындалат.
Эскадронго “Кошчу” союзу жана РКП(б)нын кантондук комитеттери сунуш кылган 1903–1906-жылы туулган, армияга өз ыктыяры менен жазылган жергиликтүү улуттардын өкүлдөрү кабыл алынган. Каракол, Нарын, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад кантондорунда катталган жигиттер таптык теги, диндик көз карашы боюнча тандалып алынган. Бул комиссияга Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков башчылык кылган.
1926-жылы 4-апрелде Түркстан фронту Орто Азия аскер округу болуп кайра түзүлөт. Округдун командачылыгына К.Арсентьевский, штаб башчысына Б.Кондратьев дайындалат. Орто Азия аскер округунун (САВО) буйругу менен 1926-жылы 26-апрелде кыргыз атчандарынын кенже командирлерин Ташкенттин алдында күжүрмөн даярдыктан өткөрүшөт.
1927-жылы 1-октябрда Кыргыз атчандар эскадрону жана кыргыз аскерлеринин командирлер курамы мектеби өзүнчө Кыргыз атчандар дивизионуна бириктирилет. Март айында өткөрүлгөн Кыргыз АССРинин биринчи уюштуруу курултайы Жумушчу-дыйкан кызыл армиясынын кыргыз улуттук бөлүктөрүн бөтөнчө белгилеп, ага “Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин алдындагы РККАнын Кыргыз атчандары” деген наам берген жана бөлүктөрдү камкордукка алып, дивизион кылып бириктирүүнү милдеттендирген. Анын курамына ар бири үч взводдон турган аскерлердин эки эскадрону, пулемет взводу, байланыш взводу, командирлик курамды даярдоонун дивизиялык мектеби кирген.
Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахманов менен Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков Кызыл армияда кызмат өтөп, андан тарбияланып өсүп чыккан жетекчилер болгондуктан, тап күрөшү курчуп турган кырдаалда Кыргыз атчандар дивизионунун уюштурулушуна, чыңдалышына жана күжүрмөн даярдыктан өтүшүнө бөтөнчө көңүл бурган.
Бул дивизиянын өзгөчө даярдыктары Фрунзе шаарынын алдындагы Лебединовкада, Ташкент шаарынын алдында, Казакстандын Кордай районунун аймагында, Түркмөнстандын Кушкасында өткөн. Кара-Кумдагы Орто Азия аскер округунун ири машыгууларына катышып, 45 градус ысыкта бир нече чакырым жол басып, күжүрмөн аскердик даярдыктан өтүшкөн.
Алардын иш-аракети жалаң гана мылтык көтөрүп, аскердик машыгуу менен чектелген эмес. Караңгы кыргыз элин маданиятка, анын сабатсыздыгын жоюуга, Кеңеш өкмөтүнүн саясатын калың элдин катмарына жеткирүү ишин жүргүзүп, ал үчүн жеке жүрүм-турумунда башкаларга үлгү болушкан.
Армияда өзүн-өзү багууга, башкача айтканда, жылкыларды багуу, согушка даярдоо, азык-түлүк, кийим-кече маселелерин өздөрү камсыздоого жетишкен. Ошондуктан аскерге алуу өкмөттүк жетекчилердин чоң сыноосу менен өтүп, ага тың, акыл-эси ордунда, саясатка түшүнгөн, аны иш жүзүндө ашыргандар гана кабыл алынган. 1932-жылы Кыргыз атчандар дивизиону полк болуп түзүлөт. Кыргызстанда алгачкы аскердик бөлүктөрдүн пайда болуу тарыхы кыскача ушундай.
Аскер жетекчилерин кырган репрессия
1934-жылы 1-декабрда С.М.Киров (ВКП(б)нын Ленинград обкомунун биринчи катчысы) атып өлтүрүлгөн. Бул окуя Сталин үчүн аздыр-көптүр нааразылык билдирген, түз жана кыйыр оппозицияда болгондордун көзүн тазалоого шылтоо болуп берген. Жазалоо сотсуз эле "үчилтиктин" чыгарган бүтүмү боюнча, Бирдиктүү мамлекеттик саясий башкармалыктын (орусча шарттуу кыскартылган аталышы — ОГПУ; 1923—1934) жана НКВД желдеттери аркылуу аткарылып турду.
1937-жылы 7-июнда Коргоо эл комиссары К. Е. Ворошилов эң көп аскер башчыларын каматууга санкция берген. Атылгандардын көбү бирге иштешкен жолдоштору, өзүнүн орун басарлары, башкармалыктардын жетекчилери, аскер округдарынын командирлери эле. Алардын арасында М. Н. Тухачевский, И. Э. Якир, И. П. Уборевич, А. И. Корк, Р. П. Эйдеман, Б. М. Фельдман, В. М. Приманов, В. К. Путна, Гамарник сыяктуу эң ири аскер ишмерлери болгон.
1937-жылдын май айынан 1938-жылдын сентябрына чейинки кыска 16 ай убакыт ичинде репрессиянын арааны аскер жетекчилерин чалгы чапкандай жалмап өткөн. Репрессиянын курмандыгына аскер башчылары, бардык аскер округдардын саясий башкармалыгынын жетекчилери жана Аскер кеңешинин мүчөлөрү, корпустун, бригаданын жана дивизиянын командирлеринин дээрлик бардыгы полктун командиринин жарымы жана полктун комиссарларынын үчтөн бирге жакыны, көптөгөн жогорку жана орто аскер окуу жайларынын окутуучулары кабылышкан.
Эгер бул айткандарыбызды генерал-лейтенант А. И. Тодорскийдин (1894-1965) эсеби менен далилдесек, анда сталиндик репрессияда беш маршалдын үчөө (А. И. Егоров, М. Н. Тухачевский, В. К. Блюхер) камакка алынып, атылды. I рангдагы беш армиянын командиринин үчөөнү, экинчи рангдагы он армиянын командиринин баары, 57 корпустун командиринен – элүүсү, 186 дивизиянын командиринен – 154ү, биринчи жана экинчи рангдагы 16 армиянын комиссарынын баары, 28 корпус комиссарынын 25и, 64 дивизия комиссарынын 58и, 456 полковниктин 401и атууга кеткен.
"Мыкты аскер жетекчилери жок калды"
Ошол мезгилде репрессиянын ушундай өтө эле тереңдеп, кыргын салчу курч мүнөздө өтүп жатканын тынчсыздануу менен сынга алып, Сталинге түз айткандар да болгон экен.
Алардын бири СССРдин Болгариядагы элчиси Ф. Ф. Раскольников 1939-жылдын 17-августунда "күнөөсүз адамдар ак жеринен массалык репрессиянын курмандыгына айланып жатканын" айтып, Сталинди күнөөлөп ачык кат жөнөтөт. Өзгөчө армия менен флоттун тажрыйбалуу аскер жетекчилери жок кылынып жаткандыгын айтып, бул советтик куралдуу күчтөрдү алсыздандырууга алып келерин эскерткен.
Раскольниковдун Сталинге каты 1939-жылдын 17-августунда, башкача айтканда, фашисттик Германия Польшага сокку урардан эки апта мурда жазылган. Экинчи дүйнөлүк согуштун оту тутануу алдында турганын Европадагы элчи ачык сезсе керек.
1941-жылдын 9-январындагы кеңешмеде Гитлер: "Аларда мыкты аскер жетекчилери жок", - деп айткан экен.
Ушундай репрессиянын каардуу кыргынынан улам согуштун алгачкы жылдарында (1941-1945)СССР Куралдуу күчтөрүндө командирлердин жети пайызында гана жогорку билим болсо, үчтөн бири орто аскердик окуу жайларын бүтүргөндөр жана аскердик толук курстан өткөндөр болгон. Көпчүлүгү ээлеген кызматтарына отурганына бир жылдай гана болгон жаңы кишилер эле.
1936–1940-жылдардагы массалык репрессиядан СССР Куралдуу күчтөрүндөгү жогорку аскердик билими бар офицерлердин саны эки эсе кыскарган. Репрессиянын кесепети - советтик аскерлердин 1941–1942-жылдардагы жеңилүүсүнүн эң негизги себептеринин бири дейт тарых иликтөөчүлөр.
Кыргыз аскер жетекчилерин репрессиялоо
1937-жылы 11-майда Кызыл армиянын жогорку командалык курамындагы Якир (советтик аскер ишмери – 1896-1937), Уборевич (советтик аскер ишмер – 1937-жылы “Тухачевскийдин иши” боюнча камакка алынып, атууга кеткен. 1957-жылы акталган) баш болгон аскер жетекчилер камалып, аларга "мекенге чыккынчылык кылган", "тыңчы", "контрреволюциялык уюмдарды уюштуруучулар" деген айыптар тагылып, мамлекеттик кылмышкерлер катары 12-июнда атылган соң, "эл душмандарын" бүт өлкө боюнча Кызыл армиянын катарынан издей башташат.
Албетте, "андай элементтерди" кыргыздын кызыл атчандар полкунан да табышкан. Биринчилерден болуп, 1937-жылы 1-августта II эскадрондун командири Асан Алиев камалган. Аны “Алаш-Ордо” жана "пантүрктүк уюмдардын мүчөсү болгон", "полкто куралдуу көтөрүлүш үчүн контрреволюциячыл уюм түзгөн" деп айыпташкан. Андан ары айыптоону төмөндөгүдөй улантышкан: “СССРден бөлүнгөн, Англияны жактаган мамлекет түзмөк. Коллективдештирүүгө каршы 1930-жылы Ат-Башыдагы, Темировка-Түптөгү, Балыкчыдагы, 1931-жылы Жети-Өгүздөгү көтөрүлүштү уюштурушкан. 1932-жылы элдин массалык түрдө Кытайга көчүшүнө дагы ушулар түрткү болгон”.
Асан Алиевге коюлган мындай айыптарга удаа эле "Социал-Туран партиясынын аскердик филиалын уюштуруучулар", "совет өкмөтүн кулатууга ниеттенген улутчулдар" деген жалаа жабышат. Катардагы жана мурдагы командирлердин курамындагылар биринин артынан экинчиси камалат.
Алардын арасында: Аден Истамбеков, Шады Жороев, Болот Мукашов, Кожобек Күзөмбаев, Байыш Тологонов, Тилек Мергенов, Осмон Элмуратов, Дүйшө Ногойбаев, Турдубек Усупбеков, Абдыбек Чотбаев, Жумаш Маркабаев, Касым Султанов, Карабай Көтөнтүков, Нияз Алыбаев, Эсенкул Урмамбетов, Райымбек Сүйүналиев, Ширинкан Тлеуов, Тилевалды Айдаралиев, Камил Жапаров, Токторбай Арзиев, Батыркан Садреддинов, Шергазы Эркинбаев, Мусалы Давлетбаев, Муса Жумабаев, Исмаил Сарманов, Жахан Күзөмбаев, Курбан Сексенбаев, Саалы Сабаев, Абдыбай Күзөмбаев, Дуйсен Муфтиев, Абдыбай Бейшенбаев, Нажмуддин Макешов, Калык Темирбековдор болгон.
Камоонун жана тинтүүнүн токтомдорун окуп отуруп, дээрлик бардыгы жупуну жашаганына ынанасың. Камалганда альбомдорун, сүрөттөрүн, китептерин, каттарын, грамоталарын, паспортторун, партбилеттерин, аскердик күбөлүктөрүн, ордендерин, сааттарын, курал-жарактарын тартып алышкан. Камакка алардын алдында партиядан чыгарышкан. Аларда ашык дүнүйө-мүлк болгон эмес. Атүгүл эрдиги үчүн белекке алган Кожобек Күзөмбаевдин патефон, "Мыкты кавалеристке белек" деп аты жазылган Турдубек Усупбековдун саатын алып коюшкан.
Сурак алдында тартылып алынган буюмдардын, документтердин бири да акталгандан кийин үй-бүлөсүнө кайтарылган эмес, архивдерде да, музейлерде да жок.
Арстаналы Осмонбековдун тагдыры
Кызыл командир Арстаналы Осмонбеков 1937-жылы аскердик репрессияга кабылбаганы менен ошол эле ОГПУнун кызматкерлери тарабынан катуу кысым болгон. Ал ошол кезде армия катарынан кетип, чарбалык жумушта эле.
Буга мисал катары, карандай эрдиги үчүн "Кызыл Туу" ордени менен кошо эле басмачыларды жоюудагы эң мыкты дасыккан аскер иши үчүн тапанча, үч дүрмөттүү мылтык менен сыйланган.
Сыйлыкка алган тапанчасын Жалал-Абад ОГПУсунун кызматкерлери алып койгон. Бул боюнча бир нече жерге далилдүү каттар менен кайрылып, жыйынтык чыккан эмес. Ал каттардын бардыгы архивде сакталуу.
Ошондой каттардын бири өмүрүнүн акыркы жылдары 1944-жылдын 5-февралында Кыргызстан ВКП БКнын биринчи катчысы Ваговго жолдонгон. Анда эки уулу жана жети тууганы согуш талаасында мекенди коргоп жатканы, алар армияга чакырылганына байланыштуу туулган айылына көчүп келгенде үй-мүлкү таланган көрүнүшкө дуушар болгону айтылат.
Боз үйүнөн тартып, үй буюмдарына чейин колхоздун башкармасы баш болуп талап-тоноп кетишкен. Элинин эртеңки келечеги, эркиндиги үчүн күрөшүп келген кызыл командир Арстаналы Осмонбековдун өмүрүнүн акыркы күндөрү мына ушундай тагдыр менен аяктаган.
Кыргыз аскер жетекчилеринин түрмөдөгү кордуктары
Чындыгында, булар совет бийлигинин тушунда кат таанып, сабаттуу болуп, тарбия көрүп, командир болуп, партияга өтүп, жаңыдан гана көзү ачылган жазыксыз жигиттер эле. Аларда "пантүрктүк", "панисламдык" түшүнүк дегеле болгон эмес. Сурак протоколдорунун нускасы машинкага басылып, тергөөчүлөр өз билгениндей оңдоп-түзөп, жасап турган.
"Социал Туран партиясынын аскер филиалы" деген делону уюштурган жана командирлик курамды камакка алган НКВДнын өзгөчө бөлүмүнүн кызматкери И.Даутов деген болгон. Жети томдон турган дело анын колу менен жазылган. Ал 1938-жылы 21-октябрда он сегиз адамды суракка алып, жасалма протокол жазган. Ошол эле жылы 3-июнда жыйырма бир жолу, 22-сентябрда он тогуз жолу, 23-сентябрда жыйырма эки жолу беттештирүү ыкмасы менен бири-бирин каралатып, ошончо протоколго кол койдурткан.
Кол койдуртуп, көрсөтмө алыш үчүн 4-эскадрондун саясий жетекчиси Сүйүналиев Райымбекти тергөөчү Муратов кылычы менен сайгылап турган. Анын бүт денеси жара болуп кеткен. Эскадрон командири Төлөгөнов Байышты тергөөчү Хрусталев резина союл менен башка уруп, улам жыгып, кайра тургузуп, эсине келтирип турган.
Элмурадов Осмонду тергөөчү Авдеев кулак түпкө уруп, дүлөй кылган. Тергөөчү Савельев Маркабаев Жумаштын кашка тиштерин талкалаган. Тергөөчү Лемберг Ички иштер комиссары Лоцмановдун алдында взвод командири Сарманов Исмаилди энегине тээп жыккан.
Мына ушундай ырайымсыз кыйноо менен уруп-согуудан 1939-жылы 8-январда полк комиссары Аден Истамбеков (Бекембай уулу) каза тапкан. Ал ошол мезгилдеги эң жогорку аскердик билимдүү, эң кыраакы жана тажрыйбалуу дасыккан командирлердин бири болгон.
Анын өмүр баянын окуган ар бир адам өз өмүрүн жалаң аскер ишине арнап, жогорку аскердик билимине жуурулуша таланттуу аскер жетекчиси болуп калыптанып келе жаткан Г.Истамбековдун 35 жаш курагында ак жерден караланып күнөөлөнүп, отуз жети жаш курагында ырайымсыз кыйноодон репрессиянын курмандыгына айланып өмүрү чорт кыйылганына күбө болушат.
Кыйноо менен уруп-согуудан 1939-жылы 12-январда полк мектебинин башчысы Кожобек Күзөмбаев набыт болгон. Анын машыккан аскердик даярдыгына, туруктуулугуна, кайраттуулугуна полк боюнча эч ким тең келген эмес. Полк мектебинин башчысы болгонго чейин ал биринчи европалык эскадронго командалык кылган. Орусча шар сүйлөгөндүктөн, артынан караган киши аны кыргыз дечү эмес. Күжүрмөн сапаты боюнча, ал полк командири болууга татыктуу эле.
Ырайымсыз кыйноо менен жүргөн сурактан 1939-жылы 27-январда экинчи эскадрондун командири Асан Алиев каза тапкан. Ал "Эркин Тоо" гезитинин редактору, эл агартуу комиссары Осмонкул Алиевдин бир тууган иниси.
Артында калган төрт баласы "контрдун тукуму" деген куугунга дуушар болуп, шаардан окуй албай, айылдагы туугандарынын колунда калган. Аялы азаптуу турмуштун айынан 1945-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Камалгандардын жакындары тамак-аш киргизе албай, күнү-түнү түрмөнүн эшигин сагалап жүрүшкөн.
Аман калган аскер жетекчилеринин акталышы
1939-жылы Москвада СССРдин Ички иштер эл комиссары, башкы “чекист” Николай Иванович Ежовдун (1895—1940) көзү тазаланган соң, атайын түзүлгөн комиссия "СТПнын аскердик бөлүгү" жөнүндөгү делодо эч кандай кылмыш жок экендигин аныктайт. Мунун натыйжасында калган 41 киши, анын ичинде Т. Усупбеков да бошотулат.
1939-жылдын 9-майдагы Орто Азия Аскер округунун аскер прокуратурасынын токтомунда "Турдубек Усупбековдун кылмыш иши токтотулуп, боштондукка чыгаруу тууралуу" Фрунзе шаардык түрмөсүнүн начальнигине көрсөтмө берилген.
Кыргызстандагы аскер жетекчилерин тергеген Даутов кызмат абалынан одоно пайдаланып бейкүнөө 44 адамды камакка алганы, аларга жасалма күнөөлөрдү койгону, камалгандарды кыйнаганы үчүн Кыргыз ССР НКВДсынын Аскердик трибунасы тарабынан 10 жылга кесилген.
Ошентип Ежовдун алмашышы менен "СТПнын аскердик бөлүмү" деген НКВДнын фантазиясынан жаралган иш төгүндөлөт. Натыйжада, камалгандар эркиндикке чыгып, укуктары калыбына келтирилет.
Кийин алардын дээрлик бардыгы Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, эң мыкты дасыккан аскердик чеберчиликтерин көрсөтүп, мекенди коргоп, жеңиштин тездешине салым кошкон.
Ал эми кыргыз аскер командирлеринин ичинен 1939-жылы акталып чыккан Турдубек Усупбеков согуш мезгилинде күжүрмөн даярдыктагы эң мыкты аскер кадры катары өзүн көрсөтө алды.
Ал 1941-жылы согуш башталары менен армияга аттанып, 1942-жылдын башында Москванын алдындагы кандуу согуштарга катышат. Фашисттер батышка сүрүлгөндөн кийин 21-гвардиялык полктун десанттык ротасынын командири, отличник-парашютист, гвардиянын улук лейтенанты Т. Усупбеков өз ротасы менен Украинанын талаасында бир жылдан ашык согушат.
Көп шаарлар менен айыл-кыштактарды бошотууга катышат. 1943-жылы 25-августта Полтава облусундагы Котельва шаарчасын бошотуу үчүн болгон катуу салгылашта 37 жаш курагында курман болуп, сөөгү шаардын борбордук паркындагы "Боордоштор көрүстөнүнө" коюлган.
ХХ кылымдын 30-жылдары репрессияланган аскер жетекчилеринин көбү советтик Кыргызстанда алгачкы Кызыл кыргыз атчандар армиясын түзгөндөр болгону белгилүү. Репрессиядан акталган кыргыз аскер жетекчилеринин дээрлик бардыгы Кыргызстанда түзүлгөн Панфилов дивизиясынын жана башка Советтик армиянын күчтөрүнүн курамында согушта эрдик көрсөткөн.