Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке кайрылды


Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери маалымат жыйынында. 2022-жыл, 16-май.
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери маалымат жыйынында. 2022-жыл, 16-май.

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтан алынган бөлүм башчылары президентке, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага кайрылды. Алар буга чейинки кайрылуудан кийин түзүлгөн өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктай электигин, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин аракети мыйзамсыз болгонун айтууда.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-майда аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алган.

Мындан эки аптадай мурун Бейшеналиевдин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралуу өлкө жетекчилигине кайрылган. Анда "министрдин этикасы, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы" өңдүү себептерди аташкан. Министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткени, Бейшеналиев сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканы" айтылган.

Министр ошол маалда Германияда жүргөн жана дооматтарды четке каккан.

Бейшеналиев чет өлкөдөн келгенден кийин президент Садыр Жапаров менен жолугуп, орун басарларды кызматтан алуу тууралуу сунуштама бергенин "Азаттыкка" билдирди. Ал мамлекет башчы менен жолугушууда эмне тууралуу сөз болгонун ачык айткан жок.

Бул окуяларга байланыштуу президент Садыр Жапаров жана анын аппараты азырынча үн ката элек.

Буга чейин Бейшеналиевди Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон. Ал Германияда жүргөндө кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалган.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ошондон бери анын ишине, реформаларына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет. (КЕ/МТа)

XS
SM
MD
LG