Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:42

Орусиялык кеме Мариуполдун портуна кирип, металл жүктөдү


Мариуполь порту.
Мариуполь порту.

Орусиялык аскерлер узакка созулган салгылашуудан кийин басып алган Украинанын Мариуполь портуна ишембиде алгачкы орус кемеси токтоду. Металл жүктөлгөн кеме дүйшөмбүдө Ростов-на-Донуга жөнөтүлөт деп кабарланууда. Украин бийлиги муну "уурдоо жана талап-тоноочулук" деп атады.

Аталышы ачык айтылбаган орус кемеси тууралуу орусиялык басылмалар жазды. Бул фактыны Киев дагы тастыктады. Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча комиссары Людмила Денисова өзүнүн Telegram каналына кеме бортуна 3 миң тонна металл буюмдар жүктөлөрүн жазды. Анын айтымында, Мариуполь портунун аймагында оккупацияга чейин 170 миллион долларлык 200 миң тоннага жакын металл топтолгон.

Украинанын эң ири болот өндүрүүчү "Метинвест" компаниясы буга чейин Мариуполь портунда согушка чейин он миңдеген тонна болот жүктөлгөн беш кеме бар экенин билдирген. Компания Орусия бул кемелерди басып алууга жана аларды жүк менен кошо порттон мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышы мүмкүн деп эсептейт. Бул талап-тоноочулук катары каралары айтылган. Орус маалымат каражаттары портко келген кеме металлды атайын операцияга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык алып чыгып жатканын белгилейт.

Орусиянын аскер командачылыгы 26-майда Мариуполь портунун аймагы мина жана чөгүп кеткен кемелерден тазаланганы тууралуу маалымат берген.

Согуш учурунда орус аскерлери Бердянск жана Мариуполь портторун көзөмөлгө алып, Украинанын Азов деңизи менен байланышын үзгөн. Москва ачкан согуштан улам Кара деңиз жабылып калып, Украинанын кампаларында 20 млн. тоннадай дан азыктары сыртка чыгарылбай жатканы айтылган. Бул дүйнөдө азык-түлүк баасынын жогорулашына алып келди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG