Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

Германиянын Wella косметикалык компаниясы Орусиядан чыгып кетти


Германиянын Wella косметикалык компаниясы Орусияга товар жеткирүүсүн токтотту. Бул тууралуу "Коммерсантъ" гезити компаниянын өнөктөштөрүнө жиберген катына таянып жазды.

"Анда Wella мындан ары Орусияда өзүнүн фирмалык өнүмдөрүн чыгарбайт жана сатпайт" деп жазылган. Бизнеске ээлик кылуу укугу жергиликтүү топ-менежерлердин командасына өтөрү айтылат.

"Коммерсантъ" жарыялангандан кийин, Өнөр жай жана соода министрлиги Wella продуктулары параллелдүү импорттук механизмге дуушар болгонун жарыялады.

Wella Орусияда 28 жылдан бери иштейт. Анын чач боёгу рыноктун 40 пайызын түзгөн. Өткөн жылы Орусияда локализацияланган Londa брендинен башка ишкананын дээрлик бардык продукциясы Орусияга импорттолгон.

Басылманын булактары Wellaнын ордун орусиялык Estel компаниясы басат деп эсептейт.

Орусиянын куралдуу күчтөрү 24-февралда Украинага кол салгандан бери ондогон эл аралык компаниялар Орусиядан чыгып кетти.

Буга чейин "Макдоналдс" тез татым жайларынын түйүнү Орусиядан толугу менен кетип жатканын жана өлкөдөгү бизнесин сата турганын жарыялаган. Ошол эле күнү франциялык автоунаа чыгаруучу "Рено" компаниясы да Орусиядагы ишканаларын, анын ичинде "АвтоВАЗ" ишканасындагы үлүшүн сатуу боюнча келишим түзгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG