Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

Кумтөрдөгү жарака кеткен жерди комиссия изилдеп жатат


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кумтөр кенинде “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышынын тездешин мекемелер аралык комиссия иликтеп жатат. Бул боюнча 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу чыккан.

Аталган комиссия бир жума аралыгында кыртыштын жылган себептерин аныктап, чара көрүү боюнча "Кумтөр Голд Компани" ишканасына сунуштарын бериши керек.

"Кумтөр Голд Компани" аталган комиссия кендеги абал менен жеринен таанышып кеткенин, керектүү маалыматтарды алганын, азырынча сунуш бериле электигин "Азаттыкка" билдирди.

"Азаттыктын" булактары "Борбордук" карьеринин чыгыш капталындагы жерден жарака кеткенин билдирди. Ал бир канча күн мурда катуу жааган жаан жана кардан улам пайда болгон.

Мекемелер аралык комиссияны Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору Айша Карпаева жетектемей болуп, курамына бул тармактын адистери жана илимий ишмерлерден 11 адис кирген.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат жарыяланарын билдирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG