Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Дыйкан-фермерлерге 3 млрд. 396 млн. сом жеңилдетилген насыя берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө 3 млрд. 396 млн. сомго 6 миң 746 насыя берилгенин билдирди.

Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 млрд. 155 млн сомго, ал эми 241,4 млн. сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.

Айыл чарба багытында күрөө менен 868,8 млн. сомдук 1840 насыя, 128,7 млн. сомго күрөөсүз 640 насыя берилген.

Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 млрд. 881 млн. сомдук 3572 насыя, күрөөсүз 112,6 млн сомго. 549 насыя берилген.

Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөө менен 404 млн. сомдук 145 насыя таратылган.

Кыргызстандын жер-жерлеринде өкмөт убада кылган пайызы төмөн насыя аз берилип жатканына нааразылар болгон.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген. (МТа)

XS
SM
MD
LG