Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:24

​​​​​​​Орусия чек аралаш аймагы Украина тараптан аткыланганын кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Курск облусунун губернатору Роман Старовойт аймактын Алексеевка, Дроновка жана Теткино деп аталган айылдары 19-майда кечинде Украина тараптан минометтук аткылоого кабылганын маалымдады. Бул тууралуу Телеграм каналында жазды.

Маалыматта бир адам каза болгону, бир нече үй талкаланганы айтылат. Бул чек аралаш аймактардагы аткылоодон улам Орусияда жайкын тургундардын каза болгон экинчи учуру.

Москва Украинага кол салгандар бери Орусиянын бир нече чек аралаш облустарында жарылуулар, аткылоолор болгонун билдирип, Киевди айыптап келет. Мунун ичинде темир жол линиялары, көпүрөлөр, мунай базалары, үйлөр жана башка объектилер өрттөнгөн.

Украина бул чабуулдарды расмий ырастабай келет. Соңку аткылоолор боюнча да Киев үн каткан жок.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Донбасс аймагындагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинага басып кирген. Дээрлик үч айдан берки согуштан эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. Алты миллиондон ашык украиналык өз өлкөсүн таштап чыгып кетти. (ErN)

XS
SM
MD
LG