Миллиондон ашуун украиналык качкын үйүнө кайтканын бул өлкөнүн Улуу Британиядагы элчиси Вадим Пристайко 19-майда британ парламентинде сүйлөп жатып билдирди.
Ал качкындар жакындарын, үйүн, жумушун сагынганын айтып, Киев жана Харьков шаарларынын мэрлери азырынча кайтууга шашпай кое турууну сунуш кылып жатышканын, себеби аталган аймактардагы абалды коопсуз деп айтуу мүмкүн эместигин кошумчалады.
Киевдин чет жакасынан орус аскерлери март айынын соңунда кете башташкан, ал эми Харьковдон кетип жаткандары бул күндөрү контрчабуулдарга катышууда.
Украинанын 44 миллион калкынын 5 миллиондон ашууну Орусиянын кол салуусунан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. (RK)