Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:20

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Флай Дүйшөмбүдөгү кабарчыларга кол салууну айыптады


Жейми Флай. Архивдик сүрөт
Жейми Флай. Архивдик сүрөт

“Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай тажик кызматынын – “Озоди” радиосунун жана "Настоящее время" телеканалынын кабарчыларына кол салууну айыптады.

"Биз тажик бийлигин эркин маалымат каражаттарына басым кылууну токтотууга бир нече жолу үндөп келгенбиз”, - деп айтылат 17-майда жасалган билдирүүдө.

Президент быйыл февралда тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге жолдогон катында корпорациянын журналисттерине аккредитация берилбей жатканына, алардын дарегине айтылган коркутууларга даттанганын белгиледи.

“Тажик өкмөтү тажик элине пайда алып келип жаткан көз карандысыз маалыматтарды таратууга бут тосуу аракеттерин токтотууга тийиш”, - деп жазды Флай.

Сөз болгон окуя 17-майда Дүйшөмбүдө журналисттер Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы абалды чагылдырып, жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоева менен интервью жаздыргандан кийин болгон.

Аскердик эмес кийимчен кишилер Муллоражаб Юсуфи, Барот Юсуфи, Анушервон Арипов жана Насим Исамовду машинеден күчтөп чыгарып, техникасын, чөнтөк телефондорун тартып алышкан. Муллоражаб Юсуфини сабап кетишкени маалымдалган.

17-майда тажик Ички иштер министрлиги Ульфатхоним Мамадшоеваны жана дагы 2 кишини “мыйзамсыз митинг уюштурууга” күнөөлөгөн.

Мамадшоева “өзүнүн чакан элине – памирликтерге боору ооруганын, абийири таза” экенин Фейсбукка жазды.

Алдынкы күнү министрлик 16-майда облус борбору Хорогдо милицияга кол салгандардын бири, жергиликтүү тургун каза тапканын билдирген.

Ошол күнү милиция шаар борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG