Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Зеленский Канн кинофестивалынын ачылышында сүйлөдү


Канн кинофестивалы.
Канн кинофестивалы.

Францияда башталган 75-Канн кинофестивалынын ачылыш салтанатында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видеокайрылуусу көрсөтүлдү. Ал украиналыктар өз эркиндиги үчүн күрөшүн улантып жатышканын, андан башка жолу жок экенин айтты. Зеленский экранда көрсөтүлгөн согуш жана диктатура менен Украина туш болгон реалдуулуктун байланышына токтолуп, зулумдар утуларына ишенерин белгиледи.

Зеленский Украинаны кандай жол менен болсо да колдоого чакырып, унчукпай отурбоону суранды.

Быйыл Канн кинофестивалында Мариуполдо тасма тартып жүрүп набыт болгон литвалык документалист Мантас Кведаравичюстун "Мариуполис 2" фильми көрсөтүлөт.

Фестиваль Украинадагы согушту жана Орусиянын агрессиясын ачык айыптады. Орусиянын расмий делегациясына бул иш-чарага катышууга быйыл уруксат берилген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG