Бүгүн 18-майда акыйкатчы Атыр Абдрахматованын Ош облусуна иш сапары башталат. Үч күн бою Кыргызстандын башкы укук коргоочусу Ош шаарын жана Кара-Суу, Ноокат райондорун кыдырып, жергиликтүү тургундарды кабыл алат. Эл менен жолугушууларга облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү да катышат.
Мындан тышкары облустагы бир катар бейөкмөт жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалган.
Атыр Абдрахматова “Азаттыкка” билдиргендей, мындай иш сапарлар өлкөнүн бардык облустарында эки айда бир уюштурулат. Кийинки сапар Нарында болот.
Абдрахматова акыйкатчылык кызматка 2-мартта дайындалган. (RK)