Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Кыргызстан менен Өзбекстандын УКМК төрагалары чек арада жолугушту


Камчыбек Ташиев менен Абдусалом Азизов. 17-май, 2022-жыл.
Камчыбек Ташиев менен Абдусалом Азизов. 17-май, 2022-жыл.

17-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов эки өлкөнүн чек ара тилкесинде жолугушту.

Кыргызстандын УКМКсынын басма сөз кызматы билдиргендей, атайын кызматтын төрагалары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек арасындагы макулдашыла элек Гавасай тилкесин тик учак менен кыдырып чыгышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашып, жолугушуу жакшы маанайда өткөнү, тиешелүү чечимдер кабыл алынганы кабарланды. Кандай чечимдер экени так айтылган жок.

5-7-май күндөрү Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүп, анда демаркацияны жөнгө салуучу документтин долбоору талкууланган.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзүп, 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан кийин дагы 13% такталган. (JsA)

XS
SM
MD
LG