Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:31

Киевде орусиялык аскердин үстүнөн алгачкы сот иши башталды


Орус аскерлеринин колунан каза болгон украиндиктердин мүрзөлөрү.
Орус аскерлеринин колунан каза болгон украиндиктердин мүрзөлөрү.

13-майда Киев шаарында Украинанын жайкын тургунун өлтүрүүгө айыпталган орус танкисти Вадим Шишмариндин үстүнөн соттук кароо башталды. Бул Москва 24-февралда кеңири масштабдагы кол салуу баштагандан бери Украинанын аймагында иши каралып жаткан орусиялык биринчи аскер.

Тергөөнү маалыматына ылайык, 28-февралда сержант Шишмарин велосипед айдап бараткан 62 жаштагы жаранды башына атып, өлтүргөн. Бул Украинанын Сумская облусунун Чупаховка айылында болгон.

21 жаштагы аскер Украинанын Кылмыш кодексинин “Согуш мыйзамдарын жана эрежелерин бузуу” беренеси боюнча айыпталып жатат. Ал кандай шартта туткунга алынганы жана өз күнөөсүн мойнуна алган-албаганы маалымдала элек.

Украинанын бийлиги орусиялык аскерлерди көптөгөн кылмыштарга – жайкын тургундарды өлтүрүүдөн баштап талап-тоноочулукка чейин айыптап жатат. Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова кеминде 10 миң 700 аскердик кылмыш иликтенип жатканын, анда 600 адам шектелип жатканын белгиледи. Анын ичинде Орусиянын аскерлери жана мамлекеттик кызматкерлери да бар.

Эл аралык сот дагы аскердик кылмыштар боюнча иликтөөсүн жүргүзүүдө. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши аз күн алдын Украинанын аймагындагы кылмыштык аракеттерге барган орус аскерлерине карата коюлган айыптарды иликтөө жөнүндө резолюция жактырган. Документте БУУнун Украинадагы адистери документтештирген ок атуучу куралдарды пайдалануу, кыйноо, зордуктоо жана башка таш боордук менен жасалган фактылары белгиленген.

Украинанын бийлиги Орусиялык аскерлер кол салган алгачкы айда Киев облусунда эле кеминде миңдей адам өлгөнүн билдирүүдө. Wall Street Journal басылмасы бейшембиде Киевдин жакасындагы жолдогу бир эле аткылоодо 37 адам өлгөн учур катталганын жазды. Анда орус аскерлери машинеде бараткан жайкын тургундарды кырып салышканы кабарланат.

Орусияда дагы Донбасстагы жайкын тургундарды атууга шектелген украин аскерлерине каршы кылмыш иштери козголгон. Ушул аптада Тергөө комитети төрт украиналык жоокерге айып такты. (ErN)

XS
SM
MD
LG