Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Грузиянын экс-президенти Саакашвили абактан менчик клиникага которулду


Михаил Саакашвили сотто. Тбилиси, 11-май, 2022-жыл.
Михаил Саакашвили сотто. Тбилиси, 11-май, 2022-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили дарылануу үчүн абактан Тбилисидеги менчик клиникага которулду.

12-майда расмий адамдар билдиришкендей, экс-мамлекет башчыны бир нече күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин «Вивамед» борборуна алып кетишти.

Саакашвилинин дарыгелери ал стресстен жана анорексиядан жабыркаганын, бул оорулар сыягы эки жолу ачкачылык кармагандан кийин пайда болгон деп эсептешет. Медиктер 54 жаштагы саясатчы кечиктирилбестен атайын терапиядан өтүшү керек деген жыйынтыкка келишти. Экс-президенттин жакындары жана тарапташтары бийликтен анын чет өлкөдөн дарыланышына мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүп келген.

Апта башында Грузиянын юстиция министри Рати Брегадзе Саакашвилини дарылануу үчүн жалпы ооруканага которууну сунуш кылган.

“Жоопкерчиликтүү мамлекет катары биз ар бир кишинин саламаттыгын жана өмүрүн эске алышыбыз керек. Камакта отурган башка кишилердей эле, оорунун өтүшүп кетишин алдын алуу үчүн Саакашвилини "Вивамед" клиникасына которууну сунуш кылабыз. Ал жактан текшерүүдөн өтүп, зарыл болсо дарыланат”, - деп айткан министр 10-майда.

Ошол эле күнү Тбилиси шаарынын соту экс-президенттин сотун анын саламаттыгына байланыштуу башка күнгө жылдырууну чечкен. Саясатчыга көз боёмочулук үчүн күнөө тагылууда.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент былтыр 1-октябрда мекенине кайтып келгенде кармалган. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде алты жылга сыртынан соттолгон. Саясатчы сот ишинин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

Саакашвили 2007-жылы өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таркатууга буйрук берген, чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Бул дооматтарды да ал четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG