Жазуучу, социолог Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” аталышындагы аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Ага жазуучунун кийинки кезде жазып жүргөн аңгемелери кирген. Алардын дээрлик көпчүлүгүндө кыргыз аялдарынын түйшүгү, алардын жашоодо көргөн түрдүү сыноолору баяндалат.
Аялдардын көйгөйүн жазган реалист жазуучу
Автор “Балакана” аңгемесинде турмуш жүгүн көтөрүп жүргөн жалгыз бой Гүлжан аттуу айымдын машакаттуу турмушун сүрөттөйт.
“Бара-бара Гүлжан буттарын керебеттин кырына асып алып керээли кечке жаткан акыбалга өттү. Ошентсе кичине белинин ооруганы басылып, жаны жай табат. Жатып калган жалгыз бой аял тиричилигинен кыйналып, абалы оорлой берди. Бул дартын уулдарынан да уялып, айтпай, жашырып жүргөн. Алардын кичүүсү аскерде, улуусу шаарда доктурдун окуусунда. Окуудагысын тез чакыртты. Баса албай калган апасын көтөрүп машинага салган уулу үстү-үстүнө суроолорду бере берди. Аял көпкө унчукпады, анан бир топто барып:
-Балаканам түшүп, бастырбай атат…
-Балаканам? – Уулу түшүнбөй апасын үтүрөйө карады. Ал адам баласынын бардык органдарын жатка билет, “балакана” дегенин укпаптыр.
-Силер ичинде тогуз ай жатып, чоңоюп, анан төрөлгөн жериңер. – Уулу бир нерсени боолголоп, түшүнгөн адамча унчукпай калды.
-Ушунча акыбалга келгенче айтпай жүрө бериш керек беле, апа? – Арыктап, өңдөн азган апасына уулу бир чети ичи ачышып, бир чети ачуусу келип турду.
-Меники элге айта турган дарт эмес эле да балам, ачык-жарык жерим болсо экен, меники аялдын кесели да”.
“Балакана” деген аталышты алгач уккан адам өз туюмунда түркүн ойго жетеленери айдан ачык. Бирок аңгемени окуган окурманга автор "балакана" деп аялдын жатынын атаганы белгилүү болот.
“Жазуучунун “Орунча”, “Балакана” деген аңгемелеринин аталышы кыргыз лексикасына жаңы сөздөрдү кошту. Орунча дегени - өгөй деген сөздүн, балакана - жатындын жумшак угулган варианты болуп жатпайбы. Бирок жазуучунун максаты эне тилге жаңы сөздөрдү киргизүү эмес, болгону ошол сөздөрдүн аркасы менен кандайдыр бир эсте кала турган чыгармаларды жаратуу",-дейт адабиятчы Нурзат Казакова.
"Кыска аңгемелердин устасы"
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева Баткен районунун Кара-Булак айылынын кызы. Анын “Балакана” китебинин бет ачарына келген замандаштары калемгер басымдуу чыгармасында ошол чөлкөмдө жашагандардын кулк-мүнөзүн, психологиясын, эмгекчилдигин, көргөн кыйынчылыктарын жон териси менен туюп жазганын белгиледи.
Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров Шайдуллаеванын аңгемелери так, кыска, психологиясы күчтүү дейт.
“Жазуучу деген өзгөчөлүккө ээ болбосо чоң жазуучу боло албайт. Анан да жазуучу туулган жеринин табиятын да, жаратылышын да мыкты билиши керек. Анан чыгармасында ошол табияттын өзгөчөлүгүн, демин, үнүн бериши керек. Топчугүлдүн чыгармаларында аз да болсо туулган жеринин өзгөчөлүгүн чагылдырган деталдар, эпизоддор бар. Жакшы жери ал аңгемелерин Баткен элинин диалектиси, говору менен жазды. Азыркы кыска аңгемелердин устасы. Топчугүл дагы жакшылап иштесе, классикалык аңгемелердин топтомун да чыгарса болот. Менин үмүтүм чоң".
Китепке баш сөз жазган адабиятчы, академик Осмонакун Ибраимов жазуучунун аңгемелерин адабият үчүн жакшы саамалык катары баалады.
“Шайдуллаева бүгүнкү күндөгү хандардын, бектердин эмес, демейде көзгө көрүнбөгөн, трибунага чыгып сүйлөбөгөн жөнөкөй адамдардын турмушун жазып чыкты. Бул бизде илгертен келе жаткан реалисттик салт. Топчугүл – реалист, прозадагы лирик деп айтар элем. “Балакана” китеби биздин адабият үчүн жакшы саамалыгы менен келген китеп деп эсептейм. Эми жазганды токтотпой улантышы керек. Бир китепти чыгарып, зор мактоолорду уккандан кийин токтоп калган да жазуучулар бар”.
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын айтымында, "Балакана" китебиндеги чыгармалары соңку беш жылдагы мээнети.
“Элдин сыноосуна койгондон кийин анан элди тыңшап калат экенсиң. Ичиңде алар эмне дейт, кандай кабыл алат, кандай түшүнөт, кандай баалайт деген ойлор болот. Эмгек тууралуу маалыматты элге жеткирүү - адабиятчылардын, окумуштуулардын сөзү, көз карашы. Негизи менин каармандарым кыз-келиндер, аялдар. Бирок аял менен эркектин жашоосун ажыратып карай албайбыз. Демек, менин чыгармаларым жалпы эле бүгүнкү замандаштарым жөнүндө. Бүгүн биз эмне ойлор менен жашап жатабыз, кантип жашап жатабыз, биздин кайгы-кубанычыбыз, максатыбыз эмне, кайсы жерден өксүп жатабыз. Мына ушундай бир карама-каршылыктардын негизинде адамзаттык баалуулуктарды, гумандуулукту дагы алдыда жаза турган чыгармаларымда даңазалагым келет”.
Шайдуллаеванын буга чейин “Кызбала", "Кыргызстандагы гендердик өнүгүү", "Ташка чыккан гүл" аттуу илимий-публицистикалык жана " Жан шерик", "Акылкасас", "Кызыл өрүк", "Всему свое время" (орус тилинде) аттуу көркөм адабий китептери жарык көргөн.
Маекти толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыз: