Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

Журналист Куттумидин Базаркулов бийликти сындаганы үчүн камалганын айтты


Куттумидин Базаркулов
Куттумидин Базаркулов

Камактагы журналист, Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов кайрылуу жолдоп, өзүнө каршы козголгон кылмыш иши негизсиз экенин, бийликти сындаганы үчүн абакка түшкөнүн айткан.

"Жети жыл мурунку мамлекеттик ишмердигимди аңдып чыгышып, адамчылык жол менен соттолгон Хамданов аттуу аудитти камактан бошото коюшуп, аны жалдап, 2015-жылдагы тендерден өткөн видеотехника келбей калган деп күнөө коюшту. Мунун баары жалган, калп. Жети жыл мурун мен иштеген Жалал-Абад облустук телеберүүсүнө 5 млн. 714миң сомдук видеотехника толугу менен келип, бухгалтердик баланстан өткөн. Алдамчы Хамдановдун жалган актысы жараксыз. Ал бирөөнүн буйругун аткарган. Бул - саясий куугунтук. Биринчиден, тендерге комиссия катышса, келген техниканы да комиссия кабыл алган. Ал техника бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Бардык документтер ордунда. Бетке айткан кептин заары жок", - деп жазган Базаркулов.

Азырынча бийлик органдары журналисттин кайрылуусуна жооп бере элек.

Базаркуловду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Журналист “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда.

Ал Жалал-Абад облустук телерадио компаниясын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылкы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Соңку жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап жүргөн.

24-мартта журналисттин кан басымы көтөрүлүп, тергөө абагына “Тез жардам” чакыртылган. (MTa)

XS
SM
MD
LG